# 1-берене

- Документ: [Саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112144)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 "Саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 22.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112144/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2944/edition/1058835/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112144/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112144/st-1

---

""Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 103-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) преамбула күчүн жоготту деп таанылсын;

2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 11-статья менен толукталсын:

"11-статья. Ушул Мыйзамдын предмети Ушул Мыйзам мамлекеттик бийлик органдары, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү болгон Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруунун укуктук, уюштуруучулук жана каржылоо негиздерин аныктайт.";

3) 3-статьяда:

а) үчүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган.";

б) төртүнчү бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Медициналык камсыздандыруу фондуна" деген сөздөр "базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) статья төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү жана он бешинчи бөлүктөр менен толукталсын:

"Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - бюджеттик жана каржылык чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жүзөгө ашырууга, координациялык жөнгө салууга жана аткаруу функцияларын аткарууга Өкмөт тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы. Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) - бул саламаттык сактоо, базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, менчигинин формаларына карабастан, саламаттык сактоо уюмдарында жарандардын медициналык-санитардык жардам алууга укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуучу медициналык-санитардык жардамдын кепилденген көлөмдөрү, түрлөрү жана шарттары.";

4) 32 жана 33-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"32-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун максаты Базалык мамлекеттик камсыздандыруунун максаты болуп Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоонун Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында Кыргыз Республикасында жарандарды сапаттуу медициналык жана алдын алуучу жардам менен кепилдик берүүсү саналат.

---

Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/112144/st-33)
