1-берене
Күчүндө · 12.01.2024 редакциясы
""Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 103-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула күчүн жоготту деп таанылсын;
2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 11-статья менен толукталсын:
"11-статья. Ушул Мыйзамдын предмети Ушул Мыйзам мамлекеттик бийлик органдары, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү болгон Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруунун укуктук, уюштуруучулук жана каржылоо негиздерин аныктайт.";
3) 3-статьяда:
а) үчүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган.";
б) төртүнчү бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Медициналык камсыздандыруу фондуна" деген сөздөр "базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү жана он бешинчи бөлүктөр менен толукталсын:
"Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - бюджеттик жана каржылык чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жүзөгө ашырууга, координациялык жөнгө салууга жана аткаруу функцияларын аткарууга Өкмөт тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы. Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) - бул саламаттык сактоо, базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, менчигинин формаларына карабастан, саламаттык сактоо уюмдарында жарандардын медициналык-санитардык жардам алууга укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуучу медициналык-санитардык жардамдын кепилденген көлөмдөрү, түрлөрү жана шарттары.";
4) 32 жана 33-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун максаты Базалык мамлекеттик камсыздандыруунун максаты болуп Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоонун Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында Кыргыз Республикасында жарандарды сапаттуу медициналык жана алдын алуучу жардам менен кепилдик берүүсү саналат.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 18.10.1999 · № 112
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112144/st-1" title="1-берене - Саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>