# КР 2020-жылдын 21-августундагы № 139 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 21-августундагы № 139 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112142>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2942/edition/1025067/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112142.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2020-жылдын 21-августундагы № 139 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (21.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112142

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 21-августу № 139 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112142/st-1)

"Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж. № 7-8, 487-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 12-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) террористтик же экстремисттик ишти же болбосо ушул ишти каржылоону жүзөгө ашырууда шектелген жеке жакка карата Кыргыз Республикасында чыгарылган шектенүү жөнүндө билдирме;";

2) 14-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жасоодо шектелген жеке жакка карата Кыргыз Республикасында чыгарылган шектенүү жөнүндө билдирме;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112142/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 23-августундагы № 68 (3140) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш. Жээнбеков

2020-жылдын 25-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
