# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112139)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 17-августундагы № 134 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 134
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112139/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2939/edition/1024677/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112139/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 2-берене (17.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112139/st-2

---

"Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 570-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-глава төмөнкүдөй мазмундагы 451-берене менен толукталсын:

"451-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

1. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жарандык, жазык мыйзамдарында жана бузуулар, жоруктар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте келип чыгат.

Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу укуктук мамилелерден келип чыккан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде, "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте каралат.";

2) 48-берененин 1-бөлүгүндө "2019-жылдын 1-июлуна" деген сөздөр "2023-жылдын 1-январына" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112139/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112139/st-3)
