2-берене
Күчүндө · 17.08.2020 редакциясы
"Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 570-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-глава төмөнкүдөй мазмундагы 451-берене менен толукталсын:
"451-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жарандык, жазык мыйзамдарында жана бузуулар, жоруктар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте келип чыгат.
Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу укуктук мамилелерден келип чыккан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде, "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте каралат.";
2) 48-берененин 1-бөлүгүндө "2019-жылдын 1-июлуна" деген сөздөр "2023-жылдын 1-январына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 17.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөЗакон · 02.06.2008 · № 106
- Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндөЗакон · 31.07.2015 · № 210
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112139/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>