# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112139)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 17-августундагы № 134 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 134
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112139/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2939/edition/1024677/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112139/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (17.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112139/st-1

---

"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 16-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 39-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"39-статья. Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоонун, пайдалануунун, эсепке алуунун жана реставрациялоонун эрежелерин аткарбоодо, аларды коргоо тартибин бузууда, ошондой эле тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын башка бузуулар үчүн күнөөлүү болгон мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар жарандык, жазык мыйзамдарында жана бузуулар, жоруктар жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте жоопкерчиликке тартылат.";

2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 391-статья менен толукталсын:

"391-статья. Тарыхый-маданий мурас объекттерине же аны коргоо чөлкөмүнө келтирилген зыяндын компенсациясы Тарыхый-маданий мурас объектине же аны коргоо чөлкөмүнө зыян келтирген юридикалык жана жеке жактар объектти же анын коргоо чөлкөмүн калыбына келтирүүгө, ал эми андай кылууга мүмкүн болбогондо келтирилген зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык толтурууга милдеттүү. Объектти же анын коргоо чөлкөмүн калыбына келтирүү тарыхый-маданий мурас объекттерин реставрациялоонун белгиленген тартибин сактоо менен жүзөгө ашырылат. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн зыяндардын ордун толтурууга байланыштуу ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин чыгым тартышына күнөөлүү болгон кызмат адамдары жана башка кызматкерлер Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарында каралган тартипте материалдык жоопкерчилик тартышат. Келтирилген зыяндардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жазык жоопкерчилигинен бошотпойт.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112139/st-2)
