# Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 14-августундагы № 126 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 14-августундагы № 126 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 126
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112137>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2937/edition/1024495/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112137.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 14-августундагы № 126 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112137

---

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 14-августу № 126 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2020-жылдын 24-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112137/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 72-статьянын 3-пунктунда:

а) биринчи абзацы "бөлүнбөс" деген сөздөн мурда ", мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

б) экинчи абзацы "5 гектардан ашкан" деген сөздөрдөн мурда ", мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

в) үчүнчү абзацы "5 гектардан аз" деген сөздөрдөн мурда ", мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112137/st-2)

"Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 11, 678-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 15-статьяда:

а) экинчи бөлүгү "майдаланып бөлүнбөстөн," деген сөздөрдөн мурда ", мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

б) үчүнчү бөлүгү "5 гектардан ашкан" деген сөздөрдөн мурда ", мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

в) төртүнчү бөлүгү "5 гектардан аз" деген сөздөрдөн мурда ", мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

2) 16-статьяда:

а) биринчи бөлүгү "майдалап бөлбөстөн," деген сөздөрдөн мурда ", мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

б) экинчи бөлүгү "5 гектардан ашкан" деген сөздөрдөн мурда ", мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

в) үчүнчү бөлүгү "5 гектардан аз" деген сөздөрдөн мурда ", мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112137/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 18-августундагы № 65 (3137) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш. Жээнбеков
