Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «2001-жылдын 16-ноябрында Кейптаунда кол коюлган Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенцияга жана Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын Авиациялык жабдуулар боюнча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 5-августу № 114 2001-жылдын 16-ноябрында Кейптаунда кол коюлган Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенцияга жана Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын Авиациялык жабдуулар боюнча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу
2020-жылдын 25-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. 2001-жылдын 16-ноябрында Кейптаунда кол коюлган Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенцияга жана Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын Авиациялык жабдуулар боюнча протоколуна төмөнкүдөй билдирүүлөр менен кошулсун:
1. Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын (мындан ары - Конвенция) 39-беренесинин 1-пунктунун "а" пунктчасына ылайык билдирүү:
Кыргыз Республикасы кредиторлордун келишимден тышкаркы укуктардын же кепилдиктердин төмөнкү категориялары:
1) объектти каржылоо же лизинг келишими боюнча иш берүүчү милдеттенмелерин аткарбагандыгы жарыяланган учурдан тартып эмгек акыны төлөө боюнча келип чыккан талаптар;
2) алардын ээлигинде турган объектте оңдоо иштерин жүргүзгөн адамдардын жүргүзүлгөн жумуштардын наркынын суммасынын жана ага объекттин наркы көбөйтүлгөн сумманын чектеринде мындай жумуштарды төлөө боюнча талаптары;
3) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча талап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн негизги суммалары боюнча карыздарды төлөөнү камсыз кылуудагы талабы анын мыйзамдарына ылайык объектке кандайдыр бир кепилдикке карата катталган эл аралык кепилдиктин ээсине таандык кепилдикке ээ болгон артыкчылыкка эквиваленттүү артыкчылыкка ээ болушат жана бул кепилдик кудуретсиздик боюнча жол-жоболорго байланышканына же байланышпагандыгына карабастан, катталган эл аралык кепилдиктин алдында басымдуулук кылуучу күчкө ээ экендигин билдирет.
2. Конвенциянын 39-беренесинин 1-пунктунун "b" пунктчасына ылайык билдирүү:
Кыргыз Республикасы ушул Конвенциянын эч нерсеси Кыргыз Республикасынын же мамлекеттик уюмдун, өкмөттөр аралык уюмдун же коомдук тейлөөнүн башка жеке жеткирүүчүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн объект же башка объект үчүн мындай тейлөөгө түздөн-түз таандык болгон мындай уюмга же жеткирүүчүгө тиешелүү суммаларды төлөөдө объектти камоо же кармоо укугуна таасир тийгизилгендигин билдирет.
3. Конвенциянын 39-беренесинин 4-пунктуна ылайык билдирүү:
Кыргыз Республикасы Конвенциянын 39-беренесинин 1-пунктунун "а" пунктчасына ылайык билдирилген билдирүү аларга жайылтылган категориялардын бириндеги укук же кепилдик Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын Авиациялык жабдуулар боюнча протоколун (мындан ары - Протокол) ратификациялоо датасына чейинки катталган эл аралык кепилдикке карата артыкчылыкка ээ экендигин билдирет.
4. Конвенциянын 40-беренесине ылайык билдирүү:
Кыргыз Республикасы келишимден тышкаркы укуктардын же кепилдиктердин төмөнкү категориялары:
1) күчүнө кирген соттун чечимин толук же жарым-жартылай аткаруу максатында авиациялык объектти камакка алууну караган сот актысын алган жактын укугу;
2) Конвенциянын 39-беренесинин 1-пунктунун "а" пунктчасы боюнча билдирүүгө киргизилбеген, мамлекеттик органдардын салыктар жана кандай гана болбосун башка төлөмдөр боюнча карызды төлөтүүнү камсыз кылууда мүлктү камакка алууга укугу жана башка укуктары;
3) Конвенциянын 39-беренесинин 1-пунктунун "а" пунктчасы боюнча билдирүүгө киргизилбеген келишимден тышкаркы кандай гана болбосун башка укуктар же кепилдиктер, мындай укуктар же кепилдиктер эл аралык кепилдиктер болгон сыяктуу эле Конвенцияга ылайык объекттердин кандай гана категориясы болбосун катталууга жатат жана эл аралык кепилдиктер катарында каралышы керек экендигин билдирет.
5. Конвенциянын 53-беренесине ылайык билдирүү:
Кыргыз Республикасы Конвенциянын 1-беренесинин жана XII главасынын максаттары үчүн тиешелүү соттор болуп алардын сот караштуулугуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү талаш-тартыш кирген Кыргыз Республикасынын бардык соттору саналарын билдирет.
6. Конвенциянын 54-беренесинин 2-пунктуна ылайык билдирүү:
Кыргыз Республикасы Конвенциянын жоболорунун кайсы бирине ылайык кредитордо бар болгон жана анда ал үчүн сотко кайрылуу зарыл болгон укуктарды коргоонун ыкмасы катарында так аныкталбаган укуктарды коргоонун кандай гана болбосун ыкмасы соттун буйругусуз, чечимисиз же кандай гана болбосун башка соттук актысыз колдонулушу мүмкүн экендигин билдирет.
7. Протоколдун XXX беренесинин 1-пунктуна ылайык билдирүү:
Кыргыз Республикасы Протоколдун VIII, XII, XIII беренелерин колдонорун билдирет.
8. Протоколдун XXX беренесинин 2-пунктуна ылайык билдирүү:
Кыргыз Республикасы Протоколдун X беренесин толугу менен колдонорун жана Протоколдун X беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн чектик мөөнөттүн максаттары үчүн колдонулуучу жумушчу күндөрдүн саны төмөнкүнү түзөрүн билдирет:
1) Конвенциянын 13-беренесинин 1-пунктунун "а", "b" жана "с" пунктчаларында аныкталган чараларга карата (авиациялык объекттерди жана алардын наркын сактоо жөнүндө; авиациялык объекттерди ээлик кылууга, контролдоого же сактоого өткөрүп берүү жөнүндө; авиациялык объекттердин жайгашкан жерин өзгөртүүгө тыюу салуу жөнүндө) -10 (он) календарлык күндөн ашык эмес;
2) Конвенциянын 13-беренесинин 1-пунктунун "d" жана "е" пунктчаларында көрсөтүлгөн чараларга карата (авиациялык объекттерди лизингге же андан киреше алуу менен башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө; авиациялык жабдууларды сатуу же сатуудан түшкөн пайданы пайдалануу жөнүндө) - 30 (отуз) календарлык күндөн ашык эмес.
9. Протоколдун XXX беренесинин 3-пунктуна ылайык билдирүү:
Кыргыз Республикасы Протоколдун XI беренесинин "А Вариантын" кудуретсиздик боюнча жол-жоболордун бардык түрлөрүнө карата толугу менен колдонорун жана Протоколдун XI беренесинин бул Вариантынын 3-пунктунун максаттары үчүн күтүү мөөнөтү - 60 (алтымыш) календардык күндү түзөрүн билдирет.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жеке укукту унификациялоо боюнча эл аралык институт болуп саналган депозитарийге Кыргыз Республикасы жогоруда көрсөтүлгөн Конвенцияга жана Протоколго (УНИДРУА) кошулгандыгы жөнүндө грамотаны депонирлесин.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 11-августундагы № 63 (3135) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3965-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.06.2020 · № 3965-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 20-майындагы № 3725-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 20-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.05.2020 · № 3725-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 12-мартындагы № 3623-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 12-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.03.2020 · № 3623-VI
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-октябрындагы № 542 "2001-жылдын 16-ноябрында Кейптаунда кол коюлган Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенцияга жана…Постановление · 14.10.2019 · № 542
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 12-мартындагы № 3627-VI "2001-жылдын 16-ноябрында Кейптаунда кол коюлган Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенцияга…Постановление · 12.03.2020 · № 3627-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 20-майындагы № 3728-VI "2001-жылдын 16-ноябрында Кейптаунда кол коюлган Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенцияга…Постановление · 20.05.2020 · № 3728-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3982-VI "2001-жылдын 16-ноябрында Кейптаунда кол коюлган Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенцияга…Постановление · 25.06.2020 · № 3982-VI