# КР 2020-жылдын 24-июлундагы № 94 "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 24-июлундагы № 94 "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 94
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2913/edition/1023795/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2020-жылдын 24-июлундагы № 94 "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112113

---

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 24-июлу № 94 "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

2020-жылдын 17-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112113/st-1)

"Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 729-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 14-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6. Согушту пропагандалоого, улуттук, регион аралык, расалык же диний жек көрүүнү жана кастыкты тутантууга багытталган маалыматтарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик каралган башка маалыматтарды таратууга жана жарыялоого тыюу салынат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112113/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 4-августундагы № 61(3133) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш. Жээнбеков
