# 98-берене. Аскер прокуратурасынын органдарынын аскер кызматчыларын материалдык жана социалдык камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-98>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-98.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 98-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-98

---

1. Аскер прокуратурасынын органдарынын аскер кызматчыларына карата аскер кызматчыларына укуктук жана социалдык кепилдиктерди, пенсиялык, медициналык жана камсыз кылуунун башка түрлөрүн аныктоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жайылтылат.

2. Аскер прокурорлору жана тергөөчүлөрү аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө мыйзамдарга ылайык акчалай каражат менен камсыз кылынат.

3. Аскердик прокуратурасынын органдарынын өз турак жайы жок аскер кызматчылары ушул Мыйзамда каралган тартипте турак жайлар менен, ошондой эле аскер кызматчылары үчүн аныкталган шарттарга карата нормалар боюнча берилүүчү башка турак жайлар менен камсыз кылынат.

---

Мурунку берене: [97-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-97)  
Кийинки берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-99)
