# 97-берене. Аскер прокуратурасынын органдарынын кадрлары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-97>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-97.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 97-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-97

---

1. Аскердик прокурорлор жана тергөөчүлөр болуп ден соолук абалы боюнча аскердик кызматка жарактуу, аскер кызматына кирген, аскердик наамы же атайын класстык чени бар жана ушул Мыйзамдын 54 жана 55-беренелеринин талаптарына жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары дайындалат. Аскер прокуратурасынын өздүк курамы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн штаттык санына кирет.

2. Аскер прокуратурасынын органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү аскер кызматчылары статусуна ээ болот, ушул Мыйзамга жана "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кызмат өтөйт жана "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Мыйзамда белгиленген укуктарга жана жеңилдиктерге ээ болот.

3. Аскер прокуратурасынын органдарындагы аскердик кызматка прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү аныктоону Башкы прокурор жүргүзөт.

4. Аскер прокуратурасынын жогорку офицердик курамындагы адамдарды запаска (отставкага) бошотууну Башкы прокурордун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти жүргүзөт.

Башка аскер прокурорлорун жана тергөөчүлөрдү запаска бошотууну аскер прокурорунун сунушу боюнча Башкы прокурор жүргүзөт.

5. Аскер прокурорлорунун жана тергөөчүлөрдүн кызмат орундары жана аларга тийиштүү аскердик наамдар аскердик кызмат орундарынын тизмесине киргизилет.

6. Аскер прокурорлору жана тергөөчүлөр ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартиптик уставына ылайык сыйланат жана тартиптик жоопкерчиликке тартылат. Сыйлоо жана тартиптик жаза берүү укугуна жогору турган аскер прокурорлору жана Башкы прокурор гана ээ.

---

Мурунку берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-96)  
Кийинки берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-98)
