# 95-берене. Аскер прокуратурасынын органдарынын түзүмү жана уюштурулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-95>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-95.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 95-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-95

---

1. Аскердик прокуратура Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын бирдиктүү системасына кирет жана ага Башкы прокурордун орун басары - Кыргыз Республикасынын аскердик прокурору башчылык кылат. Кыргыз Республикасынын аскердик прокурору Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна гана баш иет.

2. Аскердик прокуратура борбордук аппараттан жана гарнизондордун аскердик прокуратураларынан турат.

3. Аскердик прокуратуранын статусун, компетенциясын, түзүмүн жана штаттарын аныктоону Башкы прокурор жүзөгө ашырат.

4. Аскердик прокуратуранын борбордук аппаратында аскердик прокурордун (төрага), анын орун басарларынын (кызмат орду боюнча), башка прокурорлордун курамындагы коллегия түзүлөт. Коллегиянын жеке курамын Кыргыз Республикасынын аскердик прокурорунун сунушу боюнча Башкы прокурор бекитет.

---

Мурунку берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-94)  
Кийинки берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-96)
