# 92-берене. Тараптардын эркине көз каранды эмес жагдайлар боюнча прокуратура органдарында кызмат өтөөнү токтотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-92>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-92.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 92-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-92

---

1. Прокуратура органдарында кызмат өтөө тараптардын эркине көз каранды эмес төмөнкүдөй жагдайлар боюнча токтотулушу мүмкүн:

1) прокуратура органынын жоюлушу;

2) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүнө ылайык, прокуратура органдарынын кызматкерине кызмат өтөөсүн улантууну четке кагуучу жазанын дайындалышы;

3) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы;

4) прокуратура органдарынын кызматкеринин өлүмү, ошондой эле сот тарабынан аны өлдү же дайынсыз жоголду деп таануу.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган негиз боюнча кызмат ордунан бошотулган прокуратура органдарынын кызматкерине, бош орун бар болгондо башка теңдеш же төмөн турган кызмат орду сунушталат. Бош орун болбогондо же прокуратура органдарынын кызматкери кызмат ордунан баш тартканда, кызматкер анын макулдугу боюнча кадрлардын карамагына киргизилет.

---

Мурунку берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-91)  
Кийинки берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-93)
