# 90-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерин өз каалоосу боюнча бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-90>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-90.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 90-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-90

---

1. Кызмат өтөөнү токтотуу кызматкердин өз каалоосу боюнча анын жазуу жүзүндө берген арызынын негизинде, анын ичинде ал аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеген жылдары үчүн пенсияга укук берүүчү жаш куракка жеткенде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

2. Кызматкер жазуу жүзүндөгү арызга прокуратура органдарынан бошотуу датасын көрсөтөт, ал арыз берген учурдан тартып 2 жумадан кеч эмес башталат.

3. Эгерде жазуу жүзүндөгү арызда бошотуу датасы көрсөтүлбөсө, прокуратура органдарынын кызматкери арыз берген учурдан тартып 2 жума өткөндөн кийин прокуратура органдарынан бошотулат.

4. Эгерде прокуратура органы бошотуу жөнүндө буйрук чыгара элек болсо, кызматкер арызында көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин 3 күн калгандан кечиктирбестен бошотуу жөнүндө арызын кайра чакыртып алууга укуктуу.

5. Арызда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда прокуратура органдарынын кызматкери жумушту токтотууга укуктуу, ал эми прокуратура органы бошотулган кызматкерге кызмат өтөөнүн акыркы күнүндө эмгек китепчесин берүүгө жана ага тийиштүү сумманы төлөөнү жүргүзүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-89)  
Кийинки берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-91)
