# 9-берене. Прокурорлордун мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жыйналыштарына катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 9-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-9

---

1. Башкы прокурор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, анын комитеттеринин жана комиссияларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын жыйналыштарына катышууга укуктуу.

2. Областтын, шаардын, райондун прокурору, аларга теңдештирилген прокурорлор, алардын орун басарлары жана алардын тапшырмасы боюнча башка прокурорлор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын коллегияларынын жыйналыштарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кеңешмелерине жана жыйналыштарына катышууга укуктуу.

3. Прокурорлор алар киргизген прокурордук чара көрүү актылары соттордо, министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, административдик ведомстволордо жана аткаруу бийлигинин башка органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле тизмеси "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында аныкталган башка мамлекеттик органдарда каралганда катышууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-10)
