# 85-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин материалдык жана социалдык камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-85>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-85.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 85-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-85

---

1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн бирдиктүү системасында кызматтык маянадан жана үстөк төлөмдөрдөн туруучу акчалай камсыз кылуу (акчалай каражат) каралат. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине иштөөгө дем берүүнү, демилге көрсөтүүнү, эмгектин натыйжасына кызыкдарлыкты камсыз кылган жекече үстөк төлөмдөр, ошондой эле атайын класстык чени же аскердик наамы жана мамлекеттик кызматта иштеген жылдары үчүн үстөк төлөмдөр белгиленет.

Прокуратура органдарынын кызматкерлерине эмгек акы - акчалай камсыз кылуу төлөөнүн шарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

2. Прокуратура органдарынын турак жайы жок кызматкерлери прокуратура органдарынын балансында турган турак жайлар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик администрациялар убактылуу пайдаланууга берүүчү башка турак жай менен камсыз кылынат.

3. Прокуратура органдарынын өлгөн (курман болгон) прокурорунун же тергөөчүсүнүн үй-бүлө мүчөлөрү прокурордун же тергөөчүнүн кызмат өтөө жана жашап туруу мөөнөтүнө карабастан, башка турак жай бербестен, прокуратура органдарынын балансында турган турак жайдан чыгарылууга жатпайт.

4. Турак жайы жок жана жаранга жеке менчик укугунда таандык болгон турак жайды кошумча жалдоо же жалдоо келишими боюнча пайдаланган прокуратура органдарынын кызматкерине прокуратура органдарынын тиешелүү сметасынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген өлчөмдөрдө компенсация төлөнөт.

5. Прокуратура органдарынын кызматкеринин балдарына анын үй-бүлөсү жашаган жер боюнча, жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүүчү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде орундар кезексиз тартипте берилет.

---

Мурунку берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-84)  
Кийинки берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-86)
