82-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин тартиптик жоопкерчилиги
Күчүн жоготкон · 10.09.2021 редакциясы · 8-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114.
1. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин өз кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы жана прокуратура органдарынын кызматкеринин кадыр-баркын кетирүүчү жосундарды жасагандыгы, кесиптик этиканы бузгандыгы, буга тете эле ушул Мыйзамда белгиленген, прокуратура органдарында кызматкердин кызматта болуусуна байланышкан чектөөлөрдү сактабагандыгы үчүн прокуратура органдарынын жетекчилери аларга төмөнкүдөй тартиптик жазаларды берүүгө укуктуу:
1) эскертүү;
2) сөгүш;
3) катуу сөгүш;
4) кызматына толук эмес ылайык келүүсү тууралуу эскертүү;
5) атайын класстык ченин же аскердик наамын бир баскычка төмөндөтүү;
6) кызматынан төмөндөтүү;
7) прокуратура органдарынан бошотуу.
2. Тартиптик жазалар жорук аныкталгандан кийин түздөн-түз, бирок ал жасалган күндөн тартып 6 айдан кечиктирилбестен колдонулат. Кызматкер ага жүктөлгөн милдеттерди аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган ар бир учур үчүн бир гана тартиптик жаза колдонулушу мүмкүн.
3. Тартиптик жаза жасалган жоруктун оордугун жана мүнөзүн, ошондой эле жосун жасалган жагдайларды эске алуу менен колдонулат. Жасалган жосундун оордугун жана мүнөзүн, ошондой эле башка жагдайларды прокуратура органдарында түзүлүүчү тартиптик комиссия аныктайт, анын ишинин натыйжасы болуп прокуратура органынын жетекчисине жазанын конкреттүү түрүн колдонуу жөнүндө сунушту киргизүү саналат.
4. Тартиптик жазаны колдонгонго чейин кызматкерден жазуу жүзүндө түшүндүрмө талап кылынышы керек. Мындай түшүндүрмөнү берүүдөн баш тартуу же качуу акт менен таризделет, ал катталууга тийиш жана жазаны колдонуу үчүн тоскоол боло албайт.
5. Жогору турган прокурор прокуратура органынын төмөн турган жетекчиси колдонгон тартиптик жазаны жокко чыгарууга же анын түрүн өзгөртүүгө укуктуу.
6. Тартиптик жазаны колдонуу жөнүндө буйрук ал чыгарылган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде, кол койдуруп алуу менен кызматкерге жарыяланат, кызматкер эмгекке жарамсыздык баракчасы боюнча жүргөн учурда көрсөтүлгөн мөөнөт токтотуп турулат жана анын жумушка чыгышына жараша калыбына келтирилет.
Кызматкер буйруктун көчүрмөсүн алууда кол коюудан же буйрук менен таанышуу үчүн келүүдөн баш тарткан учурда тийиштүү акт түзүлөт жана кызматкер акт түзүлгөн күндөн тартып кабарланды деп эсептелет.
7. Тартиптик жаза прокуратура органынын кызматкери ооруган убакта же өргүүдө жүргөн мезгилде колдонулушу мүмкүн эмес.
Кызматкер эмгекке убактылуу жарамсыздыкта болгон мезгилде жана өргүүдө жүргөн мезгилде, эгерде жорук ал ооруган же өргүүдө жүргөн мезгилде жасалбаса гана, тартиптик жаза ал жумушка чыккандан кийин колдонулат.
8. Тартиптик жаза колдонулган күндөн тартып бир жыл ичинде кызматкер жаңы тартиптик жазага тартылбаса, тартиптик жаза алып салынган болуп эсептелет.
Эгерде кызматкер өз кызматтык милдеттерин аткарууда тартиптүүлүктү жана ак ниеттүүлүктү көрсөтсө, жаза бир жыл аяктаганга чейин Башкы прокурор же аны колдонгон прокурор же жогору турган прокурор тарабынан, ошондой эле сыйлоо түрүндө алып салынышы мүмкүн. Тартиптик жазаны колдонуу мөөнөтү ичинде кызматкерлерге карата сый көрсөтүү чаралары жана аларга атайын класстык чендерди жана аскердик наамдарды ыйгаруу колдонулбайт.
9. Тартиптик жазаны колдонуу маселелери боюнча прокуратура органынын жетекчисинин чечимине макул болбогон учурда, кызматкер аны жогору турган прокурорго жана (же) сотко даттанууга укуктуу.
Берененин тексти 10.09.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
82-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112108/st-82" title="82-берене - Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>