# 81-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине сый көрсөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-81>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-81.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 81-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-81

---

1. Кызматтык милдеттерин үлгүлүү жана ак ниет аткаргандыгы, узак жана кынтыксыз кызматы, өзгөчө маанилүү жана татаал тапшырмаларды аткаргандыгы үчүн прокуратура органдарынын кызматкерлерине сый көрсөтүүнүн төмөнкүдөй турлөрү колдонулат:

1) алкыш жарыялоо;

2) акчалай сыйлык берүү;

3) баалуу белек менен сыйлоо;

4) Ардак грамота менен сыйлоо;

5) атайын класстык ченди же аскердик наамды мөөнөтүнөн мурда ыйгаруу;

6) төш белгилер жана медалдар менен сыйлоо.

2. Прокуратура органдарынын өзгөчө айырмаланган кызматкерлери "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи" ардак наамын ыйгарууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланууга көрсөтүлүшү мүмкүн.

3. Башкы прокурор ведомстволук сыйлыктар жөнүндө жобону, алардын сыпаттамасын бекитет жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы жана жогорку кесипкөйлүктү көрсөткөндүгү үчүн прокуратура органдарынын кызматкерлерине сый көрсөтүү үчүн ведомстволук сыйлыктарды колдонот.

Башкы прокурор ушул берененин 1-бөлүгүндө каралбаган сый көрсөтүү түрлөрүн белгилеши жана колдонушу мүмкүн. Башкы прокурор прокуратура органдарынын кызматкери болуп саналбаган, мыйзамдуулукту чыңдоого жана прокуратура органдарынын системасын өнүктүрүүгө олуттуу жардам көрсөткөн адамдарга карата сый көрсөтүүнү колдоно алат.

4. Сый көрсөтүүнү колдонуу тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-80)  
Кийинки берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-82)
