# 80-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерин ээлеп турган кызмат ордунан убактылуу четтетүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-80>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-80.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 80-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-80

---

1. Жазык-процесстик мыйзамдарга ылайык, ээлеп турган кызмат ордунан четтетүү тууралуу чечимди тергөө судьясы же сот чыгарган учурда прокуратура органдарынын кызматкери ээлеп турган кызмат ордунан убактылуу четтетилет.

2. Прокуратура органынын тийиштүү жетекчисинин же Башкы прокурордун буйругунун негизинде кызматкер ээлеп турган кызмат ордунан төмөнкүдөй учурларда убактылуу четтетилиши мүмкүн:

1) ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чараны колдонбостон кызматкерге кылмыш жана (же) жорук жасагандыгы тууралуу шектенүү жөнүндө кабарлама берилгенде - жазыктык куугунтуктоо реабилитациялоочу негиздер боюнча кыскартылганга же актоо өкүмү чыгарылганга чейин;

2) кызматтык териштирүү жүргүзүлгөндө (кызматкердин өзүнүн талабы боюнча териштирүү дайындалган учурлардан тышкары) - кызматтык териштирүү аяктаганга чейин;

3) кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыкканда - ал жөнгө салынганга чейин.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык кызматкерди ээлеп турган кызмат ордунан убактылуу четтеткен учурларда анын акчалай камсыздоосу (эмгек акысы) сакталат.

4. Кызматкерди жазыктык жоопкерчиликке мыйзамсыз тартуу менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

§ 6. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине карата сый көрсөтүү, тартиптик таасир кылуу чараларын колдонуу, аларды жазыктык жоопкерчиликке тартуу

---

Мурунку берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-79)  
Кийинки берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-81)
