# 77-берене. Эмгекке убактылуу жарамсыздыгына байланыштуу прокуратура органдарынын кызматкерин кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-77>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-77.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 77-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-77

---

1. Кызматкердин эмгекке убактылуу жарамсыздыгына байланыштуу аны кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотуу кызматкердин кызмат өтөгөн жери, жашаган жери же ал жайгашкан башка жер боюнча саламаттык сактоо уюмдары берген эмгекке жарамсыздык баракчасынын негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Кызматкер ооруп калган учурда, медициналык уюмга кайрылгандан кийин 24 сааттын ичинде өзүнүн түздөн-түз жетекчисине эмгекке жарамсыздык баракчасы таризделген датаны билдирүү менен, ооруп калгандыгы тууралуу кабарлоого милдеттүү.

3. Эгерде кызматкер эмгекке убактылуу жарамсыздыгына байланыштуу 12 айдын ичинде үзгүлтүксүз 4 айдан ашык же 12 айдын ичинде жалпысынан 5 айдан ашык кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулса, ал прокуратура органдарында андан ары кызмат өтөөгө анын жарактуулугу жөнүндө же болбосо дарылоону улантуу тууралуу маселени чечүү үчүн медициналык-социалдык эксперттик комиссияга медициналык күбөлөндүрүүгө (текшерүүгө) жөнөтүлөт.

4. Кызматкер кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда алган мертинүүгө же ден соолугунун башка бузулушуна (ооруп калгандыгына) байланыштуу дарыланууда жүрүүсүнүн убактысы чектелбейт. Мертинүү алган же ден соолугу бузулган (ооруп калган) кызматкер медициналык-социалдык эксперттик комиссияга медициналык күбөлөндүрүүгө (текшерүүгө) дарылануу аяктагандан кийин же мертинүүнүн же ден соолугуна келтирилген башка залалдын (оорунун) натыйжасы аныкталгандыгына жараша жөнөтүлөт.

§ 5. Прокуратура органдарында кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу жана кызматтык териштирүүнү жүргүзүү

---

Мурунку берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-76)  
Кийинки берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-78)
