# 75-берене. Оорусу боюнча өргүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-75>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-75.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 75-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-75

---

1. Кызматкерге акчалай камсыздоо (эмгек акы) сакталбаган, оорусу боюнча өргүү дарыгердик комиссиянын корутундусунун негизинде берилет.

2. Оорусу боюнча өргүүнүн узактыгы оорунун мүнөзүнө жараша аныкталат. Оорусу боюнча үзгүлтүксүз өргүүдө жана дарылоо мекемелеринде дарыланууда жүрүү убактысы, дарыланууда жүрүүнүн узагыраак мөөнөттөрүн талап кылган учурлардан тышкары, 4 айдан ашпоосу керек.

Оорусу боюнча үзгүлтүксүз өргүүдө жана дарыланууда жүрүүнүн белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин кызматкер анын андан ары кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн дарыгердик комиссия тарабынан күбөлөндүрүлүүгө жатат.

3. Кызматкердин өз кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда алган жараатына байланыштуу дарыланууда жүрүүсүнүн убактысы чектелбейт. Мындай учурда кызматкер медициналык күбөлөндүрүүгө дарылануу аяктагандан кийин же оорунун натыйжасы аныкталганда жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-74)  
Кийинки берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-76)
