# 74-берене. Акчалай каражат (эмгек акы) сакталбаган өргүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 74-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-74

---

1. Үй-бүлөлүк жагдайлар жана башка жүйөлүү себептер боюнча кызматкерге анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча акчалай каражат (эмгек акы) сакталбаган өргүү берилиши мүмкүн, анын узактыгы кызматкердин жана прокуратура органынын жетекчисинин ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат.

Жетекчи кызматкердин арызынын негизинде төмөнкүдөй учурларда эмгек акысы сакталбаган өргүү берүүгө милдеттүү: бала төрөлүү, никени каттоо, кызматкердин жакын туугандарынын же кызматкерди багып чоңойткон адамдын саламаттыгынын оор абалы же өлүмү, кызматкердин үй-бүлөсү же жакын туугандары учураган табигый кырсык учурларында - 5 календардык күнгө чейин; ушул Мыйзамда же жамааттык келишимде каралган башка учурларда. Кызматкер акчалай каражат (эмгек акы) сакталбаган өргүүдө болгон мезгилде ага жумуш орду (кызмат орду) сакталат. Жумуш берүүчүнүн демилгеси боюнча кызматкерди акчалай каражат (эмгек акы) сакталбаган өргүүгө жиберүүгө жол берилбейт.

2. Эмгек акысы сакталбаган өргүү кезектеги ар жылдык өргүүгө эсептелбейт.

---

Мурунку берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-73)  
Кийинки берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-75)
