74-берене. Акчалай каражат (эмгек акы) сакталбаган өргүү
Күчүн жоготкон · 10.09.2021 редакциясы · 8-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114.
1. Үй-бүлөлүк жагдайлар жана башка жүйөлүү себептер боюнча кызматкерге анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча акчалай каражат (эмгек акы) сакталбаган өргүү берилиши мүмкүн, анын узактыгы кызматкердин жана прокуратура органынын жетекчисинин ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат.
Жетекчи кызматкердин арызынын негизинде төмөнкүдөй учурларда эмгек акысы сакталбаган өргүү берүүгө милдеттүү: бала төрөлүү, никени каттоо, кызматкердин жакын туугандарынын же кызматкерди багып чоңойткон адамдын саламаттыгынын оор абалы же өлүмү, кызматкердин үй-бүлөсү же жакын туугандары учураган табигый кырсык учурларында - 5 календардык күнгө чейин; ушул Мыйзамда же жамааттык келишимде каралган башка учурларда. Кызматкер акчалай каражат (эмгек акы) сакталбаган өргүүдө болгон мезгилде ага жумуш орду (кызмат орду) сакталат. Жумуш берүүчүнүн демилгеси боюнча кызматкерди акчалай каражат (эмгек акы) сакталбаган өргүүгө жиберүүгө жол берилбейт.
2. Эмгек акысы сакталбаган өргүү кезектеги ар жылдык өргүүгө эсептелбейт.
Берененин тексти 10.09.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
74-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112108/st-74" title="74-берене - Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>