# 73-берене. Кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү боюнча, ошондой эле бала багуу боюнча өргүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-73>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-73.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 73-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-73

---

1. Прокурорлорго жана тергөөчүлөргө медициналык корутундунун негизинде боюнда бардыгы жана төрөгөндүгү боюнча өргүү берилет, өргүүдө жүргөн убакыт үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жана өлчөмдө жөлөкпул төлөнөт.

2. Кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү боюнча өргүү суммалык түрдө эсептелет жана төрөгөнгө чейин факт жүзүндө пайдаланылган күндөрдүн санына карабастан толук берилет.

Кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү боюнча өргүүнүн күндөрүнүн саны төрөгөнгө чейинки 70 календардык күндү жана төрөгөндөн кийинки 56 күндү (татаалдашкан төрөт же 2 жана андан көп бала төрөлгөн учурларда - 70 күндү) түзөт.

3. Прокурорлорго жана тергөөчүлөргө алардын өтүнүчү боюнча акчалай камсыздоосу (эмгек акысы) сакталбастан, үч жашка толо элек баланы багуу боюнча өргүү берилет. Алардын каалоосу менен бала багуу боюнча өргүү кыскартылышы мүмкүн.

4. Бала багуу боюнча өргүү прокуратура органдарында иштеген жылдарга эсептелет.

5. Кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү боюнча, бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматкерлерге жумуш орду сакталат.

6. Бала багуу боюнча өргүү аяктагандан кийин 6 ай өткөндө, ушул жылда кызмат кылган убактысына пропорциялуу түрдө, узактыгы 14 календардык күндөн кем эмес кезектеги ар жылдык өргүү берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-72)  
Кийинки берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-74)
