# 72-берене. Кезектеги эмгектик өргүүнүн узактыгын иштеген убакытка пропорциялуу эсептөө тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 72-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-72

---

1. Кезектеги эмгектик өргүүнүн жумуш жылындагы иштеген убакытка пропорциялуу узактыгы бир айга туура келүүчү өргүүнүн өлчүмүн жумуш жылындагы иштеген айлардын санына көбөйтүү жолу менен эсептелет.

Өргүү күндөрүнүн иштеген убакыттын үлүшүнө пропорциялуу жалпы узактыгында 0,5ке барабар жана андан көп ондук үлүштөр 1 күнгө чейин тегеректелет, ал эми 0,5тен аздары эсептөөдөн чыгарылат.

2. Жумуш жылында иштеген толук айларды эсептөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) жумуш жылына киргизилүүчү күндөр эсептеп чыгылат;

2) алынган сумма бир жылдагы жумушчу күндөрдүн орточо айлык санына бөлүнөт;

3) 13 жана андан ашык жумушчу күндү түзүүчү калдык күндөр толук айга чейин тегеректелет, ал эми 13 жумушчу күндөн аз калдык күндөр эсептөөдөн чыгарылат.

---

Мурунку берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-71)  
Кийинки берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-73)
