# 7-берене. Прокуратура органдарында кайрылууларды кароо жана чечүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 7-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-7

---

1. Прокуратура органдарында, алардын ыйгарым укуктарына ылайык, мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды бузуулар жөнүндө маалыматтарды камтыган кайрылуулар чечилет. Прокурор кабыл алган чечим жогору турган прокурорго даттанылышы мүмкүн жана өз укуктарын коргоо үчүн адамдын сотко кайрылуусуна тоскоолдук кылбайт.

2. Прокуратура органдарына келип түшкөн кайрылуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө каралат. Кайрылууга берилген жооп жүйөлөнгөн болууга тийиш. Эгерде кайрылууну канааттандыруудан баш тартылса, арыз ээсине кабыл алынган чечимге даттануунун тартиби, ошондой эле сотко кайрылуу укугу түшүндүрүлүүгө тийиш.

3. Кайрылууну чечимдери же болбосо аракеттери (аракетсиздиги) даттанылган органга же кызмат адамына кайра жөнөтүүгө тыюу салынат.

4. Анонимдик кайрылуулар прокуратура органдарында каралбайт.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-8)
