# 69-берене. Кызмат убактысы жана эс алуу убактысы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-69>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-69.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 69-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-69

---

1. Кызмат убактысы - прокуратура органдарынын ички кызматтык тартип эрежелерине, кызмат орундук регламентке (кызмат орундук нускамага) ылайык прокуратура органдарынын кызматкерлери өз кызматтык милдеттерин аткарууга тийиш болгон убакыт.

2. Прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн кызмат убактысынын нормалык узактыгы жумасына 40 сааттан, ал эми бийик тоо шарттарында жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда кызмат өтөөчү аял кызматкерлер үчүн жумасына 36 сааттан ашпоосу керек. Кызматкерлер үчүн беш күндүк иш жумасы белгиленет.

3. Прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн Башкы прокурордун укуктук актылары менен же ал ыйгарым укук берген адамдар тарабынан нормаланбаган жумушчу күн белгилениши мүмкүн.

4. Жумуш эмес майрам күндөрдүн алдында жумуш күнүнүн узактыгы бир саатка кыскартылат.

Дем алыш күн жана жумуш эмес майрам күн дал келгенде дем алыш күн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте которулат.

5. Эс алуу убактысы - прокуратура органдарынын кызматкери кызматтык милдеттерин аткаруудан бош болгон убакыт.

Кызматкерлер үчүн эс алуу убактысынын төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет: кызматтык күндүн ичиндеги тыныгуу, дем алыш жана майрам күндөрү, ошондой эле өргүүлөр.

6. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кызмат убактысынын жана эс алуу убактысынын режими Башкы прокурор бекиткен прокуратура органдарынын ички тартип эрежелери менен белгиленет.

7. Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүндө иштөө тараптардын макулдашуусу боюнча, башка эс алуу күнүн берүү же эмгек өргүүсүнө кошуу менен же акчалай формада - экилтик эсептөө өлчөмүнөн кем эмес түрдө компенсацияланат.

---

Мурунку берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-68)  
Кийинки берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-70)
