# 67-берене. Прокуратура органдарынын кызматкеринин өздүк иши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 67-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-67

---

1. Прокуратура органдарынын кызматкеринин өздүк иши кызматкер жөнүндө маалыматтарды, анын прокуратура органдарында кызмат өтөөсү, квалификациясын жогорулатуусу, ошондой эле ал жөнүндө башка маалыматтарды камтуучу негизги документ болуп эсептелет.

Кызматкердин өздүк ишин прокуратура органдарынын кадр башкармалыгы тариздейт жана жүргүзөт.

2. Прокуратура органдарынын кызматкеринин өздүк ишинде камтылган маалыматтарды, материалдарды жана документтерди ачыкка чыгарууга тыюу салынат.

3. Кызматкер өздүк ишиндеги бардык материалдар менен таанышууга, өздүк ишине өзүнүн жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн кошууга укуктуу.

4. Кызматкер прокуратура органдарынан башка мамлекеттик органга которулганда, анын өздүк иши жаңы кызмат өтөгөн жерине өткөрүлүп берилет.

5. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин өздүк иштерин жүргүзүү тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-66)  
Кийинки берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-68)
