# 66-берене. Прокуратура органдарынын кадрлар резерви

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-66>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-66.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 66-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-66

---

1. Кадрдык ишти өркүндөтүү, кызматкерлерди тандоо, жайгаштыруу жана жылыштыруу максатында прокуратура органдарынын төмөнкүдөй кадрлар резервдери түзүлөт:

1) жогору турган кызмат ордуна жылдыруу үчүн кадрлар резерви;

2) прокуратура органдарына жумушка кабыл алуу үчүн кадрлар резерви.

2. Жогору турган кызмат орунга жылдыруу үчүн кадрлар резерви прокуратура органдарынын жогорку башкаруучулук жана инсандык дараметке, жетиштүү кесиптик жана турмуштук тажрыйбага ээ болгон, стратегиялык, чыгармачыл ой жүгүртө алган жана коюлган милдеттерди натыйжалуу аткара билген бир кыйла квалификациялуу, компетенттүү, демилгелүү кызматкерлеринен түзүлөт.

3. Прокуратура органдарына жумушка кабыл алуу үчүн кадрлар резерви белгиленген тартипте конкурстук тандоонун бардык этаптарынан ийгиликтүү өткөн адамдардан түзүлөт.

4. Прокуратура органдарынын кадрлар резервдерин түзүүнүн жана алардын иштөөсүнүн тартибин Башкы прокурор аныктайт.

---

Мурунку берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-65)  
Кийинки берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-67)
