# 63-берене. Кызматкерди которуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 63-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-63

---

1. Прокуратура органдарынын кызматкерин башка мамлекеттик органга жана мамлекеттик органдан прокуратура органдарына которуу мамлекеттик кызматтын тиешелүү түрлөрүнө кирүү жана кызмат өтөө тартибин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга ылайык келүүсүн эске алуу менен, мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча, кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүзөгө ашырылат.

2. Кызматкерди башка мамлекеттик органга которуу жөнүндө буйрук чыккан күндөн тартып ошол органга аны жумушка орноштуруу, кызматкерлерге каралган социалдык кепилдиктерди сактоо жоопкерчилиги жүктөлөт.

---

Мурунку берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-62)  
Кийинки берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-64)
