# 62-берене. Кызматкерди ротациялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-62>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-62.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 62-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-62

---

1. Прокуратура органдарында кадрлык потенциалды натыйжалуу пайдалануу, кызматтык жана кесиптик өнүгүү үчүн зарыл шарттарды түзүү жана кызматтык өсүш үчүн бирдей мүмкүндүктөрдү камсыз кылуу, кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүү жана коррупциянын тобокелдигин азайтуу максатында кызматкерлерди ротациялоо жүргүзүлөт.

2. Багуусунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдары же болбосо майыптыгы бар башка үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле кызматкер жалгыз баласы болгон, аны менен дайыма бирге жашаган, эмгекке жараксыз, карыган ата-энеси болгон кызматкерлер башка жерге көчүүгө байланышкан ротациялоого жатпайт.

3. Кызматкерди анын ден соолугунун абалына каршы келе турган кызмат ордуна ротациялоого тыюу салынат.

4. Милдеттүү түрдө ротациялоого жатуучу кызмат орундарынын тизмеги, ротациялоону жүргүзүү тартиби жана мөөнөттөрү Башкы прокурор тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-61)  
Кийинки берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-63)
