# 60-берене. Прокурордун анты

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 60-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-60

---

1. Прокуратура органдарында кызмат ордуна биринчи жолу дайындалып жаткан адамдар Башкы прокурор белгилеген тартипте прокурордун (тергөөчүнүн) антын берет.

Прокурордун (тергөөчүнүн) анты "Мен, \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_, (фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы) өзүмө прокурордун (тергөөчүнүн) милдеттерин алуу менен, өзүмдү мыйзамга кызмат кылууга арнап жатып:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларын сактоого, алардан бир аз да четтөөгө жол бербөөгө;

- ким жасагандыгына карабастан бардык мыйзам бузууларга каршы аёосуз күрөшүүгө, прокурордук көзөмөлдүн жана тергөөнүн жогорку натыйжасына жетүүгө;

- инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын активдүү коргоого;

- жарандардын сунуштарына, арыздарына жана даттанууларына принциптүү жана кылдат мамиле кылууга, адамдардын тагдырын чечүүдө объективдүүлүктү жана адилеттүүлүктү сактоого;

- мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка купуя сырды бекем сактоого;

- өз чеберчилигимди туруктуу өркүндөтүүгө, кесиптик ар-намысымды жогору кармоого, сатылбастыктын, моралдык тазалыктын, жөнөкөйлүктүн үлгүсү болууга, кыргыз прокуратурасынын мыкты салттарын ыйык сактоого жана арттырууга салтанаттуу ант берем.

Антты бузуу прокуратура органдарында андан ары иштөө менен айкалышпай тургандыгын түшүнөм.".

2. Прокуратура органынын ант берген кызматкери тексттин алдына кол коёт жана ант берген күндүн датасын жазат. Анттын тексти кызматкердин өздүк ишинде сакталат.

---

Мурунку берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-59)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-61)
