# 6-берене. Прокурордун жана прокуратура органдарынын тергөөчүсүнүн талаптарынын жана прокурордук чара көрүү актыларынын милдеттүүлүгүнүн кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 6-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-6

---

1. Прокурордун жана тергөөчүнүн мыйзамда белгиленген негизде жана тартипте койгон талаптары (сурамдар, тапшырмалар, көрсөтмөлөр) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, көрсөтүлгөн органдардын кызмат адамдары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткарылууга милдеттүү.

2. Талап кылынган маалыматтар прокуратура органдарына мыйзамда белгиленген формада жана тартипте берилет.

3. Прокуратура органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жүктөлгөн ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында прокурорлор ушул Мыйзамдын 31-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдардын орун-жайларына тоскоолсуз кирүүгө, алардын жетекчилеринин текшерүүнүн маселелери боюнча токтоосуз кабыл алуусунда болууга, документтерди жана материалдарды карап чыгууга, иштин материалдары түздөн-түз сот өндүрүшүндө турган учурларды кошпогондо, соттук иштер менен таанышууга жана аларды берүүнү соттон талап кылууга укуктуу.

4. Кызмат адамдары жана жарандар прокурордун жана прокуратура органдарынын тергөөчүсүнүн жазуу жүзүндөгү талабы боюнча түшүндүрмө жана көрсөтмө берүү үчүн алар белгилеген убакытта келүүгө милдеттүү.

5. Кызмат адамдары, жарандар түшүндүрмө берүү үчүн прокуратура органдарына жүйөлүү себептерсиз келбеген же келүүдөн баш тарткан учурда, прокурор бул адамды прокуратура органына мажбурлап алып келүү жөнүндө токтом чыгарууга укуктуу, ал укук коргоо органдары тарабынан 24 сааттын ичинде аткарылат.

6. Прокурордун же тергөөчүнүн прокурордук чара көрүү актыларын, мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, тиешелүү түрдө аткарбоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-7)
