# 58-берене. Кызматтык ырастама жана мөөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-58>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-58.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 58-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-58

---

1. Башкы прокурорго, анын орун басарларына белгиленген үлгүдөгү ырастама Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан берилет.

2. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине белгиленген үлгүдөгү кызматтык ырастама Башкы прокурор, аскердик прокурор, областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлору тарабынан, ошондой эле адистештирилген прокуратуралардын кызматкерлерине кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык берилет.

3. Кызматтык ырастама прокуратура органдарынын кызматкеринин керт башын, анын атайын класстык ченин же аскердик наамын, кызмат ордун ырастоочу документ болуп эсептелет.

Прокуратура органдарынын кызматкеринин кызматтык ырастамасы анын кызматтык куралды алып жүрүүгө жана сактоого укугун ырастайт.

4. Башкы прокуратуранын, ага баш ийген прокуратура органдарынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган, мамлекеттик жана расмий тилде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, казыналык органдарында тийиштүү эсептери болот.

---

Мурунку берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-57)  
Кийинки берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-59)
