# 56-берене. Прокуратура органдарына кызмат өтөөгө кабыл алуудагы сыноо мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 56-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-56

---

1. Прокуратура органдарына биринчи жолу кызмат өтөөгө кабыл алынып жаткан адамдарга алардын жумушту аткарууга жарактуулугун текшерүү максатында 3 айлык сыноо мөөнөтү Башкы прокурор аныктаган тартипте белгилениши мүмкүн.

2. Сыноо мөөнөтү учурунда дайындалган адамдар прокуратура органдарында ээлей турган кызмат орундарына ылайык милдеттерди аткарат жана укуктарды пайдаланат.

Сыноо мөөнөтү прокуратура органдарында кызмат өтөө стажына эсептелет.

3. Дайындалган адамды жекече окутууну, анын жеке жана иштиктүүлүк сапаттарын иликтөөнү уюштуруу жана аны жекече окутуунун натыйжаларын баалоонун тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.

§ 2. Прокуратура органдарынын кызматкеринин укуктук абалы

---

Мурунку берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-55)  
Кийинки берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-57)
