# 54-берене. Прокурор жана тергөөчү болуп дайындалуучу адамдарга коюлуучу талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 54-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-54

---

1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурду кошпогондо, мамлекеттик аккредитациясы бар милдеттүү программа боюнча жогорку юридикалык билимге ээ болгон, ден соолугунун абалы жана психофизиологиялык маалыматтары боюнча прокуратура органдарында кызмат өтөөгө жарактуу жана квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары прокурор жана тергөөчү боло алат.

2. Башка жогорку билимге ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары прокуратура органдарынын укуктук статистиканы жана эсепке алууну түзүүчү бөлүктөрүнүн кызматкерлери боло алат.

3. Башкы прокурордун кызмат ордуна 35 жаштан кем эмес курактагы, жогорку юридикалык билимге ээ болгон жана юридикалык кесип боюнча 10 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар дайындалат.

4. Башкы прокурордун орун басарынын, аскер прокурорунун кызмат орундарына 35 жаштан кем эмес курактагы, прокурор же прокуратура органдарындагы тергөөчү кызматында 10 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар дайындалат.

5. Башкы прокуратуранын аппарат жетекчисинин, областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлорунун, Башкы прокуратуранын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарына 35 жаштан кем эмес курактагы, прокурор же прокуратура органдарындагы тергөөчү кызматында 10 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар дайындалат.

6. Райондун, шаардын прокурорунун жана ага теңдештирилген прокурорлордун кызмат орундарына 30 жаштан кем эмес курактагы, прокурор же прокуратура органдарындагы тергөөчү кызматында 7 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар дайындалат.

7. Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларынын, аскер прокуратурасынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарына 30 жаштан кем эмес курактагы, прокурор же прокуратура органдарындагы тергөөчү кызматында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар дайындалат.

8. Республиканын прокуратура органдарынын укуктук статистиканы жана эсепке алууну түзүүчү бөлүктөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарына 30 жаштан кем эмес курактагы адамдар Башкы прокурор тарабынан дайындалышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-53)  
Кийинки берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-55)
