# 53-берене. Прокурорлор жана прокуратура органдарынын кызматкерлери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 53-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-53

---

Ушул Мыйзамдагы төмөнкүдөй терминдер түмөндөгүлөрдү билдирет:

1) прокурор - Башкы прокурор, анын биринчи орун басары жана орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары - аскер прокурору, анын орун басарлары, Башкы прокурордун улук жардамчысы - Башкы прокуратуранын аппарат жетекчиси жана Башкы прокурордун жардамчылары, түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилери жана алардын орун басарлары, түзүмдүк бөлүктөрдүн улук прокурорлору жана прокурорлору, областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын, райондордун (шаарлардын) прокурорлору, аларга теңдештирилген прокурорлор жана алардын орун басарлары, прокурор-криминалисттер, прокурорлордун тийиштүү ыйгарым укуктар берилген улук жардамчылары жана жардамчылары;

2) прокуратура органдарынын кызматкерлери - прокуратура органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү;

3) прокуратура органдарынын башка кызматкерлери - мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик административдик кызмат орундарын ээлеп турган прокуратура органдарынын кызматкерлери.

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-52)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-54)
