# 52-берене. Прокуратура органдарына кызмат өтөөгө кирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 52-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-52

---

1. Прокуратура органдарында кызмат өтөө мамлекеттик кызматтын түрү болуп саналат. Прокуратура органдарынын кызматкерлери ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен мамлекеттик кызмат ордунда милдеттерди аткаруучу мамлекеттик кызматчылар болуп саналат.

2. Прокуратура органдарына жана мекемелерине кызмат өтөөгө кирүү конкурстан өтүү аркылуу жана конкурстан тышкары жүргүзүлөт.

3. Прокуратура органдарына алгачкы жолу кызмат өтөөгө кирүү конкурстук негизде жүзөгө ашырылат.

Өткөрүлүүчү конкурстун ачыктыгы иштин багыттары боюнча кадрдык керектөөнүн бар экени, конкурсту өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жана конкурстун натыйжалары тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо аркылуу камсыз кылынат. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби жана шарттары Башкы прокурор тарабынан аныкталат.

4. Ушул Мыйзамдын 54 жана 55-беренелеринде каралган талаптарга ылайык келгенде, прокуратура органдарына конкурстан тышкары кызматка өтөөгө кирүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:

1) мурда прокуратура органдарынын кызматкерлери болгон, кадыр-баркын кетирбөөчү негиздер боюнча бошотулган адамдар;

2) укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана башка мамлекеттик органдардын жогорку юридикалык билими бар жана юриспруденция адистиги боюнча мамлекеттик кызматта 5 жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасы бар кызматкерлери;

3) ыйгарым укуктарын токтоткон судьялар.

5. Башкы прокурор Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коллегиясы же жогорку аттестациялык-конкурстук комиссиясы тарабынан сунушталган адамдарды прокуратура органдарына жана мекемелерине кызмат өтөөгө (жумушка) алууга укуктуу.

6. Прокуратура органдарында кызмат өтөөнүн жаш курактык чеги төмөнкүдөй:

1) Башкы прокурордун орун басарын - аскер прокурорун кошпогондо, Башкы прокурор жана анын орун басарлары үчүн - 65 жаш;

2) аскер прокуратурасынын прокурорлорун жана тергөөчүлөрүн кошпогондо, прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн - 63 жаш.

7. Прокуратура органдарынын башка кызматкерлеринин жумушка кирүү жана кызмат өтөө тартиби, кызмат өтөөгө байланышкан чектөөлөр жана тыюу салуулар, класстык чен ыйгаруу тартиби, ошондой эле социалдык кепилдиктер мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат өтөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-53)
