# 5-берене. Прокуратура органдарынын көз карандысыздыгынын кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 5-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-5

---

1. Прокуратура органдарынын ишмердигине кийлигишүүгө тыюу салынат.

Прокурорго же прокуратура органдарынын тергөөчүсүнө алардын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылуу же аларга мыйзамсыз чечим кабыл алдыруу максатында кайсы формада болбосун таасир кылуу Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

2. Прокурор, прокуратура органдарынын тергөөчүсү, эгерде тийиштүү учурлар жана тартип мыйзамда белгиленбесе, өзүнүн өндүрүшүндөгү иштердин жана материалдардын маңызы боюнча кандайдыр бир түшүндүрмө берүүгө, ошондой эле алар менен таанышып чыгуу үчүн кимдир-бирөөлөргө берүүгө милдеттүү эмес. Прокурордун жана тергөөчүнүн өндүрүшүндө турган текшерүүлөрдүн жана иштердин материалдарын алар бүткөрүлгөнгө чейин ушул прокурордун же тергөөчүнүн уруксатысыз жарыя кылууга эч ким укуктуу эмес.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-6)
