# 45-берене. Укуктук статистиканы жана эсепке алууларды жүргүзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 45-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-45

---

1. Прокуратура укуктук статистика жана эсепке алуулар чөйрөсүндө, ошондой эле кылмыш жөнүндө арыз (билдирүү) катталган учурдан тартып соттун чечими (өкүмү) аткарылганга чейин жазык процессинин бардык стадияларында мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашырат.

2. Прокуратура мамлекеттик укуктук статистиканы түзөт жана укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын отчеттуулукту түзүүсүнүн жана берүүсүнүн бирдиктүү тартибин аныктайт, ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүүнүн тактикасын жана методикасын иштеп чыгуу менен кылмыштуулуктун абалын талдайт жана божомолдойт.

3. Башкы прокуратура Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин жүргүзөт жана анын кармоочусу болуп саналат.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри - сотко чейинки өндүрүштүн башталышы, процесстик аракеттер, жазык иштеринин жана (же) жоруктар жөнүндө иштердин кыймылы, арыздануучулар жана жазыктык сот өндүрүшүнүн катышуучулары жөнүндө маалыматтар киргизилүүчү маалыматтык электрондук база. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

4. Башкы прокуратура Бузуулардын бирдиктүү реестринин кармоочусу болуп саналат.

Бузуулардын бирдиктүү реестри - Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуулар, колдонулган жаза чаралары жана кошумча укуктук натыйжалар жөнүндө маалыматтар киргизилүүчү маалыматтык электрондук база. Бузуулардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

5. Прокуратура жеке жана юридикалык жактарды маалыматтык-сурап билүү жагынан тейлөөнү жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-44)  
Кийинки берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-46)
