# 44-берене. Прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу боюнча ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 44-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-44

---

Башкы прокуратура өз компетенциясынын чегинде эл аралык укуктук кызматташуу чөйрөсүндө:

1) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин долбоорлорун, ошондой эле колдонуудагы келишимдерди өзгөртүү жана толуктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышат;

2) эл аралык келишимдер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, чет мамлекеттердин прокуратура органдары жана башка компетенттүү органдары менен укуктук жардам жана кызматташтык жөнүндө келишимдерди түзөт жана кол коёт;

3) прокуратура органдарынын компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин тийиштүү органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну жүзөгө ашырат, ошондой эле эл аралык келишимдер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын органдарынын ишине катышат;

4) кызматташуучу чет мамлекеттердин аймактарында кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча биргелешкен чаралардын мамлекеттер аралык программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууга жана аларды ишке ашырууга катышат;

5) чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын сурамы боюнча Кыргыз Республикасынын башка укук коргоо органдарынын катышуусу менен, адамдарды өткөрүп берүү, жазыктык куугунтуктоо, процесстик аракеттер өндүрүшү, соттолгондорду берүү, кылмышкерлерди издөө, жазаларды аткаруу маселелери боюнча, ошондой эле кылмыштардын алдын алууга, айкындоого жана бөгөт коюуга багытталган башка аракеттерди аткаруу боюнча укуктук жардам көрсөтөт;

6) Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде белгиленген тартипте жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын адамдарды өткөрүп берүү, жазыктык куугунтуктоо, процесстик аракеттер өндүрүшү, соттолгондорду берүү, кылмышкерлерди издөө, жазаларды аткаруу маселелери боюнча, ошондой эле кылмыштардын алдын алууга, айкындоого жана бөгөт коюуга багытталган башка аракеттерди аткаруу боюнча укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө сурамдарын, өтүнүчтөрүн чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына жөнөтөт;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

§ 2. Мамлекеттик укуктук статистика жана эсепке алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдуулукка көзөмөл

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-45)
