# 43-берене. Эл аралык укуктук кызматташууну жүзөгө ашырууда мыйзамдарды колдонууга көзөмөл

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 43-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-43

---

1. Прокуратура органдары укуктук жардам көрсөтүү маселелери боюнча, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди колдонууга көзөмөл жүргүзөт.

2. Башкы прокурор же анын орун басарлары ыйгарым укуктарынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:

1) адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө;

2) жазыктык иштер боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү тууралуу;

3) жазыктык куугунтуктоону жүргүзүү тууралуу;

4) эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды жазасын андан ары өтөө үчүн берүү тууралуу;

5) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча адамдарды транзиттик алып өтүү тууралуу.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-44)
