# 40-берене. Прокурордун соттук актыларга карата сунуштамаларды киргизүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 40-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-40

---

1. Соттук актыларды негизсиз же мыйзам талаптарына ылайыксыз деп табуу менен, прокурор процесстик мыйзамдарда белгиленген тартипте сотко сунуштама киргизет же жогору турган прокурорго сунуштама менен кайрылат.

2. Соттук актыларга карата сунуштаманы ал сотто каралганга чейин сунуштаманы киргизген прокурор же жогору турган прокурор кайра чакыртып алуусу мүмкүн.

3. Жекече айыптоо ишин кошпогондо, прокурор соттук териштирүүгө катышпаганына карабастан, өз компетенциясынын чегинде соттон соттук актылар мыйзамдуу күчүнө кирген кайсы болбосун ишти же иштердин категориясын талап кылууга укуктуу.

4. Прокурор сураган иштерди сот сурам алынган учурдан тартып 5 жумушчу күндүн ичинде берет.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-41)
