# 39-берене. Сотто жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарын билдирүү жана мамлекеттик айыптоону ишке ашыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 39-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-39

---

1. Прокурор Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында жана башка мыйзамдарында каралган учурларда сотто ишти кароого катышат.

2. Жазыктык куугунтуктоону сотто жүзөгө ашыруу менен, прокурор мамлекеттик айыптоочу катары чыгат. Соттолуучунун күнөөсүн сотто далилдөө милдеттүүлүгү мамлекеттик айыптоочуга жүктөлөт.

3. Эгерде жарандардын укуктарын жана коомдун же мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо талап кылса, прокурор Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарына ылайык арыз менен сотко кайрылууга же процесстин кайсы болбосун стадиясында ишке катышууга укуктуу.

4. Иштерди соттук кароого катышуучу прокурордун ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарын менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-40)
