# 34-берене. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын ишинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча прокурордун ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 34-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-34

---

1. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын мыйзамдарды аткаруусун көзөмөлдөө боюнча прокурордун ыйгарым укуктары "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Мыйзам менен аныкталат.

2. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын ишиндеги мыйзамдуулукка көзөмөл жүзөгө ашыруу менен, прокурор төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) сутканын кайсы убагында болбосун алгачкы текшерүү органдарына барууга, алардын орун-жайларын, аларда турган объекттерди карап чыгууга, алардын өндүрүшүндө турган иштердин материалдары менен таанышууга; мыйзамсыз кармалган адамдарды өзүнүн токтому менен бошотууга;

2) кыскартылган жана өндүрүштө турган изин суутпай издөө иштерин, жазык иштерин, материалдарды, эсепке алуу-каттоо документтерин, ведомстволук ченемдик актыларды жана изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар, тергөө менен жашыруун негизде кызматташып жаткан же кызматташкан купуя жардамчылардын жана штаттык жашыруун кызматкерлердин өздүгү жөнүндө маалыматтардан тышкары изин суутпай издөө ишинин жүрүшү жана натыйжалары тууралуу башка зарыл маалыматтарды алардын мыйзамдуулугу жагында иликтөөгө;

3) изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарынын аракеттерине (аракетсиздигине) жана чечимдерине даттанууларды жана арыздарды кароого, мыйзам бузуулар айкындалган учурда прокурордук чара көрүү актыларын киргизүүгө;

4) изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарына жазык иштерин жана ыкчам-кызматтык документтер боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө аткарылууга милдеттүү жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү берүүгө;

5) кармалгандарды жана камакка алынгандарды кармап туруу жайларынын администрацияларына бул жайларда жайгашкан адамдарды кармап туруунун мыйзамда белгиленген тартибин жана шарттарын сактоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү берүүгө

§ 3. Тергөөнүн жана алгачкы текшерүүнүн мыйзамдуулугуна көзөмөл

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-35)
