# 26-берене. Сот органдарына арыз

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 26-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-26

---

1. Прокурор жактардын же жактардын аныкталбаган чөйрөсүнүн укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн арыз менен сотко кайрылууга, ошондой эле, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын, мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды сактоо муну талап кылса, сотто каралып жаткан ишке киришүүгө укуктуу.

2. Жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн арызды прокурор, эгерде жак өзү сотко жүйөлүү себептер боюнча (ден соолугунун абалы, жаш курагы жана башка себептер боюнча) кайрыла албаса, кызыкдар жактын өтүнүчү боюнча гана бериши мүмкүн. Аракетке жөндөмсүз жарандардын, жашы жете электердин кызыкчылыктарын коргоо үчүн арызды прокурор кызыкдар адамдын өтүнүчүнө карабастан бериши мүмкүн.

3. Прокурордук чара көрүү актылары четке кагылган же болбосо алар мыйзамда белгиленген мөөнөттө каралбаган учурларда прокурор органдардын жана кызмат адамдарынын актыларын жараксыз деп таануу жөнүндө, ошондой эле мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.

4. Жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарында, ошондой эле мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн берилген доолор боюнча прокурордун арызына мамлекеттик алым салынбайт.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-27)
