# 23-берене. Прокурордун талап кылуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 23-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-23

---

1. Прокурор ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө талап кылууну бузуулар көрүнөө мүнөзгө ээ болгон жана, эгерде алар дароо четтетилбесе, жарандардын, мамлекеттин, ишкананын, мекеменин, уюмдун укуктарына жана кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтириши мүмкүн болгон учурларда киргизет.

2. Талап кылуу ченемдик укуктук актыны бузууга жол берген органга же кызмат адамына же болбосо баш ийүүчүлүк тартибинде жогору турган, ченемдик укуктук актыны бузууну четтетүүгө ыйгарым укуктуу органга же кызмат адамына жөнөтүлөт.

3. Талап кылууда бузулган ченемдик укуктук акт, укук бузуунун мүнөзү жана аны четтетүү боюнча чаралар тууралуу конкреттүү сунуштар көрсөтүлөт.

4. Талап кылуу 10 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө аткарылууга жатат. Анын аткарылышы жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө билдирилет.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-24)
