# 22-берене. Прокурордун сунуштамасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 22-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-22

---

1. Ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө сунуштама жол берилген бузууну четтетүүгө ыйгарым укуктуу органга жана (же) кызмат адамына киргизилет.

2. Сунуштама келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде ал каралышы керек жана күнөөлүү адамдарды тартиптик жазага тартуу менен, ченемдик укуктук актылардын жол берилген бузууларын, алардын бузулушуна түрткү берген себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча чаралар көрүлүүгө тийиш.

Кароонун натыйжалары жана көрүлгөн чаралар жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө билдирилиши керек.

3. Сунуштама коллегиялык органда каралганда прокурорго ал катышууга укуктуу жыйналыш боло турган күн жөнүндө билдирилет.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-23)
