# 21-берене. Прокурордун каршылык билдирүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 21-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-21

---

1. Прокурор жогорураак юридикалык күчкө ээ ченемдик укуктук актыга каршы келген ченемдик укуктук актыга же укуктук актыга карата каршылыгын аны жогорураак юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга ылайык келтирүү же болбосо жокко чыгаруу үчүн бул актыны чыгарган органга же кызмат адамына же болбосо жогору турган органга же жогору турган кызмат адамына билдирет.

2. Каршылык билдирүү ал келип түшкөн күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде милдеттүү түрдө каралууга тийиш. Кароонун натыйжасы жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө билдирилет. Мыйзамды бузууну дароо четтетүүнү, жарандардын жана юридикалык жактардын бузулган укуктарын токтоосуз калыбына келтирүүнү талап кылган жагдайларда прокурор каршылык билдирүүнү кароонун кыскартылган мөөнөтүн белгилөөгө укуктуу.

Каршылык билдирилген актынын колдонулушу каршылык билдирүүнү кароо мезгилинде токтотулуп турат.

3. Каршылык билдирүү коллегиялык органда каралганда аны кароодо катышууга укуктуу, каршылык билдирген прокурорго жыйналыш боло турган күн жөнүндө билдирилет. Прокурор сотко кайрылган учурда анын катышуусу милдеттүү.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-22)
