# 20-берене. Прокуратуранын укуктук актыларынын системасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112108)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 10 сентября 2021 года № 114 "О прокуратуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112293)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2908/edition/1252565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112108/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө, 20-берене (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-20

---

1. Прокуратура органдарынын укуктук актыларынын системасын ушул Мыйзамдын 3-беренесине ылайык прокуратурага жүктөлгөн көзөмөлдүк жана башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча актылардын жыйындысы түзөт.

2. Өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда прокурор төмөнкүдөй прокурордук чара көрүү актыларын колдонот: каршылык билдирүү, сунуштама, талап кылуу, эскертүү, токтом, көрсөтмө, сотко арыз, соттук актыга даттануу жөнүндө сунуштама.

3. Прокурордук чара көрүү актылары (каршылык билдирүү, сунуштама, талап кылуу, эскертүү, токтом) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдарга же аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тизмеси "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында аныкталган башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына киргизилет.

4. Прокурордук чара көрүү актысы прокуратура органдарында катталууга тийиш жана ал каралганга чейин, аны киргизген прокурор же жогору турган прокурор тарабынан өзгөртүлүшү, толукталышы, кайра чакыртып алынышы мүмкүн.

5. Прокурордук чара көрүү актылары, прокурордун жана прокуратура органдарынын тергөөчүсүнүн мыйзамдуу талаптары бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, алардын кызмат адамдарынын аткаруусу үчүн милдеттүү.

6. Эл аралык-укуктук кызматташтык процессинде прокуратура Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган, процесстик аракеттерди жүргүзүү жөнүндө сурамды, жазыктык жоопкерчиликке тартуу үчүн же өкүмдү аткаруу үчүн адамдарды берүү жөнүндө сурамды, адам жараны болуп саналган мамлекетте жазасын өтөөсү тууралуу өтүнүчтү жана башка актыларды колдонот.

7. Прокуратура органдарында уюштуруучулук-тескөөчүлүк актылар болуп буйруктар, көрсөтмөлөр, тескемелер, регламент, жоболор, нускамалар, эрежелер саналат.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112108/st-21)
